Тажикстанда 2020-жылдын 23-декабрында Хистеварз аймагында (Согдий облусунун айыл өкмөтү) ОФ FSDS тарабынан ишке ашырылып жаткан «Кыргызстан жана Тажикстандагы миграциядан жабыркаган уязвимдүү топтордун социалдык-экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» долбоорунун алкагында тегерек үстөл өттү.
Иш-чарага айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, жумушсуздук борборунун өкүлдөрү, бейформал топтордун лидерлери жана жергиликтүү активисттер катышты.
Тегерек үстөлдүн негизги темасы жумуш менен камсыздоо болду. Анын ичинде жаштар менен аялдардын жумуш менен камсыз болуусу, миграцияга көбүрөөк чалдыгышкан топтордун маселелери талкууланды жана жумуш менен камсыздоо кызматтары менен иш берүүчүлөр ортосундагы кызматташтыкты жакшыртуу боюнча биргелешкен иш-чараларды уюштуруу боюнча пикир алышты.
Бардык катышуучулар жумуш менен камсыздоо боюнча узак мөөнөттүү план түзүү керектигине жана жумуш берүүчүлөр менен жергиликтүү жумуш менен камсыздоо борборлору арасында кызматташтыкты куруу зарылдыгына келишти.
Жаңы комментарий кошуу