Ысык-Көл облусунун Тоң жана Жети-Өгүз райондорунун айыл өкмөттөрүнүн жана райондук администрацияларынын өкүлдөрү азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо системасын өнүктүрүү боюнча жаңы стратегияларды өздөштүрүп жатышат.
Өткөн жумада Ысык-Көл облусунда айыл өкмөттөрдүн жана райондук администрациялардын өкүлдөрү үчүн азык-түлүк коопсуздугу боюнча билим жана көндүмдөрүн өркүндөтүүгө, ошондой эле жаңы стратегияларды иштеп чыгууга багытталган практикалык окуулар өттү. Эки күндүк окутууга жергиликтүү бийлик органдарынын 40 өкүлү катышты.
Бүгүнкү күндө азык-түлүк коопсуздугуна байланыштуу маселелерди чечүү өлкө аймактарынын туруктуу өнүгүүсүн камсыздоодо негизги орунду ээлейт жана бул багыттагы аракеттердин өзөгүн түзөт.
Жыйынтыктын негизинде катышуучулар жергиликтүү өнүгүү пландарын ишке ашыруу процессинде азык-түлүк коопсуздугу маселелерине өзгөчө көңүл буруу чечимин кабыл алышты.
Бул окутуу FSDS тарабынан айыл тургундарынын ден соолугун жакшыртуу үчүн жергиликтүү азык-түлүк системасын колдоо программасынын алкагында өткөрүлдү.
Жаңы комментарий кошуу